Техникалык иштерге байланыштуу Ош шаарындагы филиал (дареги: Ош шаары, Раззаков көчөсү, 21) убактылуу кардарларды тейлебейт. Филиалдын иши кайра жанданары тууралуу кошумча маалымдайбыз. Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
ТД «Береке» соода үйүндө чыккан өрттөн келип чыккан өзгөчө кырдаалга байланыштуу, 03-июль 2026-жыл күнү Сактык касса 048-19-79 Сокулук филиалы толук көлөмдө ишин жүргүзө албайт. Кийинки өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалымат берилет. Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Бизге ишеним артып, бизди тандап, алдыга карай бирге кадам таштап келе жаткан ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин колдооңуздар бизге күч берип, Кыргызстан боюнча адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга шыктандырат.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы тарабынан онлайн-портал ишке киргизилди. Анын жардамы менен өз статусуңузду болгону 3 жөнөкөй кадам менен биле аласыз:
«АБанк» ААКсы кардарларына Ош обласынын, Кара-Суу районунун, Кара-Суу шаарынын, Борбордук базары (Автовокзал) дарегинде жайгашкан №048-25-41 сактык кассасы 2026-жылдын 1-июлунан тартып өз ишин токтотоорун расмий түрдө маалымдайт. Бул чечим филиалдык тармакты оптимизациялоого жана банк ресурстарын натыйжалуу башкарууга багытталган.
Бишкек, 2026-жыл — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен «ABank» ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы О.К. Чомоков жана Банктын Башкармасынын төрагасынын орун басары Ж.Ж. Норузбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн сыйланышты.
2026-жылдын 6-июну, ишемби күнү техникалык себептерден улам Ала-Бука филиалынын Ак-Коргон айылында жайгашкан 048-10-34 аманат кассасында тейлөө убактылуу токтотулаарын маалымдайбыз.
АБанкта накталай эмес жол менен келип түшкөн орус рублиндеги акча каражаттарын накталай алуу үчүн 0% комиссия каралган.
Урматтуу кардарлар! «Дордой» аманат кассасы «Алкан Базары» администрациясынын имаратына, Кожевенная көчөсү, 74 дареги боюнча жаңы кеңсеге көчүп жаткандыгына байланыштуу, аталган филиал 5–6-июнь күндөрү иштебей турганын билдиребиз.
АБанк «Береке» мобилдик тиркемесинде «Visa Business Boost» аттуу масштабдуу акцияны баштайт. 2026-жылдын 1-июнунан 14-декабрына чейин жеке ишкерлер күнүмдүк банктык сервистерди колдонуу менен баалуу белектерге ээ боло алышат.