АБанктан социалдык жардам алуучулар үчүн жеңилдетилген кредиттөө
АБанк социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган жарандарга жеңилдетилген кредиттерди сунуштайт. Программа 2026-жылдын ичинде долбоордун катышуучуларынын ишкердик ишмердүүлүгүн колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган.
Каражаттар мурда социалдык жардамдын алкагында алынган каражаттардын негизинде уюштурулган, иштеп жаткан киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө — бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүүгө жана колдоого берилет. Программанын катышуучуларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан түзүлөт.
Кредиттөө шарттары:
Кредит боюнча камсыздоо:
Программа социалдык контракттын катышуучуларына пайыздык төлөмдөр түрүндөгү финансылык жүксүз өз ишин бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кошумча мүмкүнчүлүк берет.