
"АБанктын" миссиясы: Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн жана калкты жеткиликтүү жана сапаттуу банктык кызматтар жана продуктылары менен камсыздоо жолу менен агрардык өнөр жай тармагынын өнүгүүсүнө көмөктөшүү.
"АБанк" - өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларын ишке ашыруучу, ошондой эле жеке жана корпоративдик кардарларды тейлөөнү, инвестициялык банкингди, сооданы каржылоону камтыган жогорку сапаттагы банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүчү өлкөдөгү ири финансылык институттардын бири болуп саналат.
"АБанк" төмөнкүлөргө ээ:
Банк 1996-жылы Дүйнөлүк банктын финансылык жана техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» (КФК) финансылык институту түрүндө түзүлгөн. КФКнын максаты жеке фермерлерге жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө туруктуу насыя берүү болгон. Айыл чарбасын каржылоодо анын маанисин эске алуу менен жана айыл калкына банктык кызматтардын спектрин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн берүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 27-декабрдагы № 43/1 токтому менен 2006-ж., «АБанк» ААКсын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.
«АБанк» өзүнүн 27 жылдык тарыхында өлкөнүн элет калкынын олуттуу бөлүгүн кредиттик ресурстар менен камсыз кылууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Бүгүнкү күндө "АБанк" - Кыргызстандагы эң алдыңкы универсалдуу банктардын бири.
Калкты насыялоодо географиялык камтууну кеңейтүү боюнча тынымсыз иш алып баруу менен "АБанктын" 37 филиалы, 60 сактык кассасы жана 32 көчмө кассасы, 25 аймактык жана алыскы айылдарда 30 айылдык кредиттик бөлүмдөрү бар.
"АБанк" Дүйнөлүк банк (ДБ), Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы, ПРООН, "Кумтөр Голд Компани", Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Райффайзен Фонду жана башка уюмдар менен кызматташат.
"АБанктын" ишмердүүлүгү CGAP (Жакырчылыкты кыскартуу боюнча консультациялык топ, Дүйнөлүк банк тобу) тарабынан жогору бааланган. Ал 2004-жылы банктын финансылык ишмердүүлүгүн ачыкка чыгаруу практикасын таануу үчүн «Финансылык ачык-айкындуулук үчүн» сыйлыгын тапшырган.
"Microfinanza srl" эл аралык рейтинг агенттиги банкка анын финансылык абалын жана CGAP стандарттарына ылайыктуулугун деталдуу изилдөөнүн (баалоонун) жыйынтыгы боюнча эки жолу "А" рейтингин ыйгарган. Берилген рейтинг "АБанкты" ички жана тышкы факторлордун таасирине туруктуу, финансылык милдеттенмелерди аткарууга жөндөмдүү жана сунушталып жаткан операциялардын сапаты абдан жакшы микрокредиттик мекеме катары мүнөздөйт.