Контракттарды банктык коштоо

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракттарды банктык коштоо

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майынан тартып №273 “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракттарды банктык коштоо жөнүндө” токтомуна ылайык, "АБанк" ААКысы  мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракттарды банктык коштоо (КБК) боюнча кызматтарды көрсөткөн ыйгарым укуктуу банк болуп саналат.

Контракттарды банктык коштоо – бул, банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде ыйгарым укуктуу банк тарабынан төмөнкүлөрдү камсыз кылуу:

  • төлөмдөрдү өткөрүү;
  • берүүчү жана ушул келишимди аткаруунун алкагында келишимди аткаруунун жүрүшүнө  катышкан бардык башка жактар ​​тарабынан ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсеп боюнча жүргүзүлгөн эсептешүүлөргө мониторинг жүргүзүү, каражаттардын максаттуу сарпталышына көзөмөлдүк кылуу;
  • контаркттарды банктык коштоонун натыйжаларын сатып алуучу уюмуна маалымат иретинде жеткирүү.

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө КБК ны колдонуу максаттары:

  • мамлекеттик бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;
  • сатып алуучу уюмдардын финансылык жана салыктык тобокелдиктерин минималдаштыруу;
  • мамлекеттик сатып алуулар келишимдерин аткаруунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу.

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракттарды банктык коштоо тартибин түшүндүрүп берген документтердин типтүү формалары жана усулдук материалдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылган.

КБК сервистери

Контракттарды банктык коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр алкагында «АБанк» ААКысы сатып алуучу уюмдарга жана берүүчүлөргө төмөнкү сервистерди сунуштайт:

  • “КБК интерактивдүү отчеттуулугу” – бул, “АБанк” ААКысы тарабынан сатып алуучу уюмдарга көрсөтүлүүчү жана коштоого алынган контрактты аткаруунун жүрүшүндөгү эсептешүүлөрдүн утурумдук абалын жана статистикасын чагылдыруу көрсөтүүгө, ошондой эле интерактивдүү отчетторду үзгүлтүксүз түптөө, эсептешүүлөрдүн мониторингинин натыйжалары жана коштоого алынган контракттар боюнча акча каражаттарынын максаттуу сарпталышына контролдоо сервиси.
  • «Негиздөөчү документтерди кабыл алуу порталы» – «АБанк» ААКысы тарабынан берүүчүлөргө көрсөтүлүүчү КБК сервиси, ал аркылуу берүүчү «АБанк» ААКсына которуу өтүнүчтөрүө карата негиздөөчү документтерди өткөрүп беришет.

 

Сатып алуучу уюмдар үчүн каралган бет ачар - таанышуу.

Сунуштоочу (кошо аткаруучу) үчүн колдонмо - таанышуу.

Которууга билдирмелерди жана негиздөөчү документтерди жөнөтүү схемсы - таанышуу.

Контакттар

Контракттарды банктык коштоо боюнча кошумча маалыматты «АБанк» ААКысынын жооптуу кызматкерлеринен телефон аркылуу же электрондук почтага сурам жөнөтүү менен ала аласыз:

тел: +996 (772) 22 74 37

        +996 (709) 77 90 10

       +996 (702) 84 25 10

почта: office@ab.kg

 

Суроолорго жооптор