2026-жылдын 29-июлунда ABankтын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Кеченин алкагында банк көп жылдардан бери ишенимдүү өнөктөш болуп келе жаткан мамлекеттик мекемелерге, төлөм системаларына жана Кыргызстандын алдыңкы компанияларына ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын программасында салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи, майрамдык фуршет, интерактивдүү оюндар жана коноктор үчүн башка көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулду.
Атайын сыйлыктар өнөктөштөргө Кыргызстандын финансылык экосистемасын өнүктүрүүгө, мамлекеттик жана финансылык кызматтарды санариптештирүүгө, инновациялык чечимдерди киргизүүгө, накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүүгө жана узак мөөнөттүү ишкердик кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн тапшырылды.
Отуз жылдын ичинде ABank Кыргызстандын эң ири финансылык институттарынын бирине айланып, жүз миңдеген жеке жана корпоративдик кардарлардын ишенимине ээ болду. Бүгүнкү күндө банк мамлекеттик жана жеке секторлор менен жигердүү кызматташып, ири санариптик долбоорлорду ишке ашырууда, заманбап төлөм чечимдерин өнүктүрүүдө жана өлкөнүн экономикасынын учурдагы керектөөлөрүнө жооп берген финансылык сервистерди түзүүдө.
ABank өз ара ишеним, көп жылдык кызматташтык жана инновацияларга умтулуу бизнес, мамлекет жана миллиондогон кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
Салтанаттуу аземде төмөнкү компаниялар жана мекемелер өзгөчө сыйлыктарга татыды:
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК — «Стратегиялык корпоративдик өнөктөш»;
ZERO («Технология КГ» ЖЧК) — «Ийгиликтүү санариптик өнөктөш»;
«Прод Импекс» ЖЧК — «Агроөнөр жай секторун өнүктүрүүдөгү өнөктөш»;
«Альфа Ойл» ЖЧК — «Көп жылдык ишенимдүү кызматташтык үчүн»;
«Альфа Телеком» ЖАК — «Накталай эмес эсептешүүлөр тармагындагы лидер»;
«Автомаш-Радиатор» ЖЧК — «Ийгиликтүү өнөктөштүктүн тарыхы»;
«Кыргыз темир жолу» МИ — «Эсептик-кассалык тейлөө боюнча ишенимдүү өнөктөш»;
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК — «Мезгил сыноосунан өткөн өнөктөш»;
«Электр станциялары» ААК — «Эсептик-кассалык тейлөө боюнча ишенимдүү өнөктөш»;
«Кыргызстан аэропорттору» ААК — «Мүмкүнчүлүктөрдү бириктирген өнөктөштүк»;
«Кыргызалтын» ААК — «Корпоративдик эсептешүүлөрдүн флагманы»;
Visa — «Банктын инновациялык өнөктөшү»;
Mastercard — «Карталык чечимдер тармагындагы стратегиялык өнөктөш»;
«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК — «Негизги технологиялык өнөктөш»;
«Салих и Ко» ЖЧК — «Инвестициялык өнөктөш»;
«Салык сервис» мамлекеттик мекемеси — «Мамлекеттик кызматтардын санариптик өнөктөшү»;
«Түндүк» ААК — «Инновациялык чечимдер боюнча өнөктөш»;
«Ишеним» кредиттик бюросу» ЖАК — «Финансылык экосистеманы өнүктүрүү боюнча өнөктөш»;
«Кыргыз Телеком» ААК — «Телекоммуникация тармагынын флагманы»;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги — «Кадастр» мамлекеттик мекемеси — «Эмгек акы долбоорлорунун лидери».
Бул сыйлыктардын тапшырылышы көп жылдык ишенимге, өз ара колдоого жана ийгиликтүү өнөктөштүккө болгон ыраазычылыктын символу болду.
ABank бардык өнөктөштөрүнө биргелешкен иши жана өлкөнүн финансы секторун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет. Банк мындан ары да узак мөөнөттүү кызматташтыкты бекемдеп, инновациялык чечимдерди киргизүүнү жана Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантат.
ABank — 30 жылдык ишеним!