Пенсионерлер үчүн «Ардагер» депозити

Максаттуу аудитория 

 

Депозиттин (аманаттын) бул түрү пенсия курагына

жеткен кардарлар үчүн каралган

Депозиттин (аманаттын) багытталышы

Депозит (аманат) боюнча ай сайын пайыз түрүндө

кошумча киреше алуу үчүн

Депозиттин (аманаттын) түрү

Топтолмо

Депозиттин (аманаттын) минималдуу
суммасы

1000 KGS; 20 USD; 1000 RUB

Кошумча салынуучу минималдуу сумма

KGS, USD- чектөөлөр жок; 100 RUB

Кошумча төлөм жана алар боюнча чектөөлөр

1. Депозит (аманат) колдонулган мөөнөт ичинде 10 (он)
млн сомдон, 200 (эки жүз) миң АКШ долларынан, 10
(он) млн рублдан ашпаган чекте.

2. Кошумча төлөмдөрдү (акча каражатын) кабыл алуу
депозитти (аманатты) колдонуу мөөнөтү бүткөнгө 30
(отуз) күн калганга чейин токтотулат.

Пайыздарды төлөө мезгил аралыгы

Ай сайын

Пайыздарды капиталдаштыруу

Кардардын өтүнүчү боюнча

Депозитти (аманатты) жарым-жартылай алуу

каралган эмес

Келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотууда
пайыздарды төлөп берүү

1) Келишим мөөнөтүнүн 1/2 бөлүгү өткөндөн кийин сыйакынын 50% төлөнүп берилет;
2) Келишим мөөнөтүнүн 1/2 бөлүгү өткөнгө чейин
сыйакы талап боюнча төлөнүүчү депозиттин
(аманаттын) % чени менен төлөнөт, ал эми буга чейин
төлөнүп берилген пайыздар (%) аманаттын негизги
суммасынан кармалып калат.

Өзгөчөлүктөрү

Пенсиялык күбөлүктүн негизинде ачылат

Келишимди пролонгациялоо

Кардардын өтүнүчү боюнча

 * Максималдуу эффективдүү пайыздык чен: KGS - 14,99%, USD - 1,71%, RUB - 7,24%

Депозиттерди коргоо                   

«АБанк» ААК Кыргыз Республикасындагы жеке адамдардын депозиттерин коргоо системасынын
катышуучусу болуп саналат.

Кыргыз Республикасында жеке адамдардын банктык аманаттарын коргоо системасы кыргыз
банктарынын аманатчыларынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуу, банк
тутумуна карата ишенимди бекемдөө жана калайык-калктын өздүк жыйымдарын банк тутумуна тартууга өбөлгө түзүп, ага дем берүү максатын көздөйт.

Бул системанын иши "Банктык аманаттарды (депозиттерди коргоо жөнүндө)" Мыйзамы аркылуу
жөнгө салынат, ага ылайык аманатчыларга компенсация суммасы 1 миллион сом чегинде белгиленген.

*Кардардын кат жүзүндөгү өтүнүчүнүн негизинде 5 000 000 (беш миллион) сомдон ашкан сумма үчүн Банк жетекчилиги өз алдынча пайыздык ченди караштырышы мүмкүн.

Валюта 3 ай 6 ай 9 ай 12 ай 18 ай 24 ай 36 ай
KGS - - 7% 11.5% 12,5% 13,0% 13,5%
USD - - - 1% 1,3% 1,7% -
RUB 3% 4% 4,5% 5% 6% 7%  
Билдирмени толтуруу
Депозиттик калькулятор